• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Оор турмушта жүргөн балдарды коргоо системасын өзгөртүү үчүн Молдова чоң саясий эркиндик кура алды - Турдубекова

Коом 0


Бишкек, 20.05.19. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Оор турмушта жүргөн балдарды коргоо системасын өзгөртүү үчүн Молдова Республикасы мамлекеттик органдар арасында чоң саясий эркиндик кура алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Балдардын укугун коргоочулар” лигасы коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.

Анын айтымы боюнча, Молдова мамлекети тарабынан азыр алардын колунда турган жыйынтыктарга жетүү үчүн чоң иш жүргүзүлгөн. “Кыргыз делегациясынын Молдовага болгон иш сапарынын алкагында бизди 2007-жылдан 2017-жылга чейин 53 интернатта тарбияланып жаткан 11 миң баланы биологиялык үй-бүлөлөргө же альтернатива болгон кызматтарды көрсөтүүгө чыгарууга жөрөлгө болгон негизги факторлор менен тааныштырышты. Учурда балдар үйлөрүндө калган 1 миң баланын жарымы ал жакта күндүзү гана болушат. Алар менен да тиешелүү иштер жүрүүдө”, - деди Н.Турдубекова.

“Баса белгилей кетчү нерсе, ушул жыйынтыктарга жетүү үчүн Молдова оор турмушта жүргөн балдарды коргоо системасын өзгөртүү үчүн чоң саясий эркиндик кура алды. Молдованын президенти тарабынан 2006-жылы “Балдарды коргоо системасын жоюу тууралуу” Декрет чыгарылган”, - деп кошумчалады ал.

Коомдук ишмер маалымдагандай, делегациянын мүчөлөрү Молдовага болгон сапардын алкагында:

  • Балдарды коргоо жана интернат тибиндеги мекемелерди реформалоо системасын;
  • Инклюзивдик билим берүү программалын киргизүү;
  • Психо-педагогикалык жардам көрсөтүүчү райондук жана Республикалык борборлордун ишмердүүлүгү;
  • Мектептерде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген психо-педагогикалык жардам көрсөтүүчү ресурстук борборлордун ишмердүүлүгү менен;
  • Балдарга үй-бүлө тандоодо асырап алуу системасынын укуктук режими менен;
  • Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө сациалдык колдоо көрсөтүү жана башка ушул сыяктуу программалар менен таанышышкан.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева билдиргендей, Молдовада интернат мекемелеринин жана ошол жакта тарбияланып жаткан балдардын саны 5 эсеге кыскарган. Молдовага болгон сапарда делегациянын мүчөлөрү шаар жана райондордо жайгашкан интернаттар жана алардын абалы менен тааныша алышты.

“Биз 10 жылдан бери жасалып келе жаткан иштин реалдуу жыйынтыгын көрө алдык. Реформаларга чейин интернаттарда 14 миңге жакын бала тарбияланган болсо, азыркы күндө алардын саны 1 миңге чейин кыскарган. Биз ал жактагы реформаларды көрүп, биздин өлкөдө да аларды жүргүзсө болоорун көрүп жатабыз. Балдар үйүндө учурда жашап жаткан балдардын 95% үй-бүлөдө тарбияланышы керек. Балдар өздөрү да үй-бүлөдө жашаганды кыялданышат. Үй-бүлөдө жашап, тарбиялануу ар бир баланын укугу жана мамлекет баардык шарттарды түзүп бериши керек”, - дейт ал.

Депутат баса белгилегендей, ал Молдовадагыдай реформаларды Кыргызстанга алып келүү маскатында УЧА иштеп чыгууда активдүү иш жүргүзөөрүн айтты.

Ал эми эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдиргендей, Молдовада фостердик үй-бүлөлөр системасы жакшы өнүккөн экен. Бүгүнкү күндө фостердик үй-бүлөлөрдүн саны 900гө жеткен.

“Ал жакта ар бир айылда фостердик үй-бүлө бар. Андай үй-бүлөлөрдө ар бир эне өзүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө билип, аларды так аткарат. Ошондой эле мага жакканы, Молдовада интернатка түшкөн ар бир бала боюнча анализ жүргүзүлүп, аны фостердик үй-бүлөгө берүүдөн мурда ошол үй-бүлө менен да тыкыр иш жүргүзүлөт. Аталган анализ балага психологиялык, моралдык жана финансылык жактан кандай жардам керек экендигин аныктоого жакшы жардам берет. Жада калса балага бөлмөнү кайсыл өңдө жана кандай кылып жасалгалоодо да колдонулат. Ошондой эле мамлекет тарабынан чоң жардам көрсөтүлүп, баардык төлөмдөрдөн тышкары балага чөнтөгүнө акча бөлүнөт. Биз ушунун баардыгын изилдеп, бул жактан өлкө жетекчилерине сунуштоону пландоодобуз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий