• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оор учурдан чогуу чыгабыз! Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери кыргызстандыктарга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. КР Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери кыргызстандыктарга кайрылды.

Кайрылуунун текстин толугу менен беребиз:

Биз, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери, биздин өлкөбүз үчүн татаал мезгилде Сиздерди биримдикке жана түзүлгөн кырдаалды туура түшүнүүгө чакырабыз. Себеби мамлекетибизди жоготуп алуу коркунучу жаралды. Ушул оор учурдан баардыгыбыз чогуу гана чыгып кете алабыз.

Биз, ардагерлер Куралдуу Күчтөргө маанилүү аскердик объектилерди коргоодо жана кайтарууда көмөк көрсөтөлү деп чечтик.

Ушул максаттарда ардагер уюмдардын мүчөлөрүнүн катарынан Куралдуу Күчтөрдүн инфратүзүмдөрүнүн объектилерин кайтарууга жардам берүү үчүн топтор түзүлдү.

Урматтуу Кыргызстандын жарандары!

Биз Сиздерди, Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларына жана аскер объектилерине карата мыйзамга каршы келген аракеттерди жасабоого чакырабыз.

Куралдуу Күчтөрдө биздин уулдарыбыз, ага-инилерибиз, эже-карындаштарыбыз кызмат кылаарын жана Куралдуу Күчтөрдүн инфратүзүмү өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоого таасир берген Кыргыз Республикасынын эң маанилүү стратегиялык объектилери болуп эсептелерин түшүнөт деп ойлойбуз жана ишенебиз.

Урматтоо менен Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери!

Пикир

Оставить комментарий