• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оор жүк ташуучу унаа коюп кеткен кыздын абалы оор бойдон калууда

Коом 0

Бишкек, 22.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кара-Балтага жакын жерде жол кырсыгына кабылган 12 жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жайыл аймактык ооруканасынын директору Болот Майканаев билдирди.

Анын айтымына караганда, жабыркаган кыз жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор бойдон калууда, динамикасы туруктуу.

“Компьютердик томографиядан өткөрдүк, жыйынтыгын күтүп жатабыз. Бардык анализдери чыккандан кийин бир нече сааттын ичинде диагноз коюлат”,-деп билдирди ал.

Ал кыз кандай жагдайда жаракат алгандыгы аларга белгисиз экендигин түшүндүрдү.

“Биз тараптан кыз керектүү болгон жардамды алып жатат. Диагноз коюлгандан кийин, сиздерге кабар беребиз”,-деди ал.

Эске сала кетсек, кечээ, 21-февралда Бишкек-Ош унаа жолунун 68-чакырымында мазут ташуучу “MAN” үлгүсүндөгү бензовоз жол кырсыгына кабылып, оодарылып кеткен.

“Бензовоз жолду туура эмес жерден кесип өтүп бара жаткан 2006-жылы туулган К.Г., сүзүп кеткен. Жабыркаган 12 жаштагы өспүрүм Кара-Балта шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда абалы оор”,-деп билдиришти ӨКМден.

Маалыматка ылайык, кырсыктын натыйжасында 15 тонна мазут төгүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий