• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Фуранын айдоочуларынан акча чогулткан «Транс Эксперт» фирмасынын жетекчилери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча чогултуп турган «Транс Эксперт» фирмасынын жетекчилери кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралардын алкагында 2022-жылдын 17-майындагы сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде, КР Кылмыш-процессуалдык кодекстин 96-беренесине ылайык «Транс Эксперт» ЖЧКнын жетекчилери И.Б.К., жана М.Э.С., кармалышты.

Такталгандай, аталган адамдар 2021-жылдын апрель айынан октябрь айына чейинки убакта «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өткөн Кытайдан келген оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз түрдө акча каражатын чогултушканы такталды.

Мындан тышкары, көрсөтүлгөн жеке компаниянын жетекчилери материалдык пайда алуу максатында ар бир айдоочунун ар бир каттамы үчүн 50 доллар чогултуп турган, эгер андай кылбаса жүксүз жана жумушсуз калышарын айтып коркутушканы тергөө иштеринде аныкталды. Ошону менен бирге, аталган кармалган адамдар оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына шарт түзүп берүү шылтоосу менен жалпысынан 150 миң доллар акча каражатын алышкан.

Учурда колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий