• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оор жумушка тартылган 2 өспүрүм аныкталды. Жалал-Абадда “Эмгек өспүрүм” рейди өттү

Аймак 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. ​Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Эмгек өспүрүм” рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында шаар аймагындагы базарлар, курулушу жүрүп жаткан имараттар, соода жайлары текшерилген.

Рейддин жүрүшүндө оор жумушка тартылган 2 өспүрүм аныкталып, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн шаардык балдар иштери боюнча комиссиясына жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий