• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оору артка чегине элек. Саламаттык сактоо министрлиги санитардык эрежелерди сактоого чакырат

COVID - 19 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жарандарды санитардык эрежелерди сактап, беткап тагынып жүрүүгө чакырды.

Анын айтымында, учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда.

"Статистика азайганы байкалганы менен бүгүнкү күнү 5,5 миңдей адам дарыланып, дагы деле бул илдет менен күрөшүп жатабыз. Эпидемияга каршы чараларды токтотпой, санитардык талаптарды аткарышыбыз керек. Кайдыгерлик менен карабай, биздин күрөшүбүзгө кошулуп ар бир жаран өзүнүн жарандык милдеттерин аткарса жакшы болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий