• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ооругандар көбөйүүдө. Жалал-Абад облусунда санитардык талаптардын сакталышы күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда санитардык талаптардын сакталышы күчөтүлөт. Бул тууралуу коронавирус боюнча облустук штабдын отурумунда айтылып, район-шаар башчыларына тийиштүү тапшырмалар берилди.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинен тарта облуста COVID 19га кабылгандардын саны өсүүдө.

Облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков аймактарда санитардык эрежелерге болгон көзөмөл солгундугун сынга алды. Берилген тапшырмага ылайык, алдыда калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, банк, коомдук транспорт жана бардык социалдык обьекттерде рейддерди уюштуруу күчөтүлөт.

Билим берүүчү мекемелерде санитардык талаптардын сакталуу зарылдыгы эскертилди.

Учурда облуста илдетке кабылган жалпы 47 адам дарыланууда. Оорунун катталуусу Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда басымдуу болууда.

Пикир

Оставить комментарий