• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ооругандардын саны азайбаса, Бишкек жабылышы мүмкүн

COVID - 19 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев ооругандардын саны азайбаса, Бишкек бир жумага болсо да жабылышы мүмкүн экенин билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө ооругандардын санынын көп чыгышы ушул айдын аягына туура келиши ыктымал.

“Андан кийин 10-14 күн абалды караш керек. Эгер азаюу болбосо, айла жок 15-июлда бир жумага да болсо шаарды жапканга туура келет. Жети күнгө болсо да жаап, чынжырды үзүш керек”, - деди ал.

Ошондой эле ал жарандарды оору жок деп ишенбөөчүлүк кылбай, санитардык талаптарды аткарууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий