• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Оорукана, мектеп жана базарлар. Министрлер кабинетинин аймактарды комплекстүү өнүктүрүү планы

Өкмөт 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешмеде аймактарды комплекстүү өнүктүрүү пландары жөнүндө айтып берди.

Ал белгилегендей, «Бир айыл – бир продукт» долбоорун республиканын бардык аймактарында ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

«Региондордун деңгээлинде кластерлерди түзүү боюнча моделдер киргизилет. Региондордо ишкерлерди колдоо системасын түзүүнүн алкагында «40 район – 40 демилге» долбоорунун алкагында региондордо инновациялык долбоорлорду тандоо ишке ашырылат. Туристтик кластерлер ишке киргизилет. Ысык-Ата районунда жана Кара-Суу районунда 2 заманбап дүң айыл чарба базарларын, ошондой эле 7 оорукана, 100 мектеп, 10 бала бакчаны куруу иштери башталат. Социалдык контракттын негизинде 10 миң аз камсыз үй-бүлөгө 100 миң сомдон социалдык жардам берилет», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле өнөр жай тармагын өнүктүрүүнүн пландарына токтолду.

«Балыкчы-Кочкор темир жолу кошумча 10 кмге чейин жасалат, 30 миң тонна битум сатылып алынат жана 400 км ашык жол асфальттанат. Мэрия 120 газ менен иштей турган, эл аралык институттар аркылуу кощумча түрдө 250 газ менен иштей турган автобус жана 120 электробус сатылып алынды. Бишкек жана Ош аэропортторунда модернизациялоо башталат. Джунда ишканасында К-4 жана К-5 стандарттарына жооп берген мунайды кайра иштетүүгө шарт түзүлүүдө. Чакан гидроэлектрстанциялар ишке киргизилет», - деди Акылбек Жапаров жана 50 дөн ашуун айыл жана 3 шаар таза суу менен камсыздалат деп кошумчалады. Министрлер Кабинетинин башчысы ирригациялык системаларды өнүктүрүүгө 1 млрд сом каралганын, мындан тышкары ирригациялык иштерди жүргүзүү үчүн 104 даана атайын техника сатып алууга 1 млрд сом бөлүнөрүн белгиледи.

«Эң ири долбоорлордун бири Камбар-Ата -1 ГЭСинин курулушу башталып жатат. Биз өнүгүү жолуна түшкөндүктөн, келечекте мындан да масштабдуу долбоорлор болот», - деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Белгилей кетсек, Региондорду комплекстүү өнүктүрүү планы төмөнкү документтерди иштеп чыгууну камтыйт:

•2023–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы;

•Жергиликтүү демилгелерди колдоо программасы;

•2023–2026-жылдарга Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасы.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар министрликтердин жетекчилеринин жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн отчеттору угулду.

Пикир

Оставить комментарий