• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ооруну оюн көрбөйлү, абал оор. Нарын мэриясы жергиликтүү тургундарга кайрылды

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Нарын шаарында коронавирус менен ооругандардын саны 100гө чукулдады, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Нарын шаарындагы эпидемиологиялык абал курчуп жаткандыгына байланыштуу Нарын мэриясы жергиликтүү тургундарга кайрылды.

Урматтуу Нарын шаарынын меймандары жана тургундары!

Бүгүнкү күндө Нарын шаарында коронавирус илдети менен ооругандардын саны 100гө чамалап калды. Шаарда учурдагы абал абдан оор деп бааланууда.

Ага карабастан Нарын шаарынын кире беришине коюлган санитардык-карантиндик постторго Нарын районунун тургундары абдан көп келип, оорунун очогуна өз баштарын кириптер кылышууда.

Буга мисал, Нарын облусунда жалгыз гана Ак-Талаа районунда коронавирус инфекциясын жугузуп алган учур каттала элек болчу. Эми, берилген эскертүүлөрдү укпай, Нарын шаарына келип ооруну жугузуп алгандар, бүгүнкү күндө районго коркунуч жаратууда.

Андыктан, берилген эскертүүлөрдү туура кабыл алып, ооруну оюн көрбөйлү. Сак бололу! Үйдө бололу!

Эске сала кетсек, Нарындагы эпидемиологиялык абалды калыптандырууга үч күндүк мөөнөт берилген.

Пикир

Оставить комментарий