• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оорунун экинчи толкуну башталышы мүмкүн. Башкы дарыгер алдын алуу чараларын сактоого чакырды

COVID - 19 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу оор бойдон калууда, - деген саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев жарандарды алдын алуу чараларын сактоого чакырды.

Ал өкмөт үйүндө өткөн брифингде белгилегендей, коронавирус жуктуруп алгандардын санынын азайышы байкалган жок.

"Бул туруктуу кырдаал, чукул арада кескин төмөндөбөйт. Ошондуктан абалды курчутпоо үчүн эпидемиологиялык режимди камсыз кылуу зарыл. Бүгүнкү күндө карантиндик чараларды жумшартуу жүрүүдө, бирок Бишкекте, Ошто жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими алына элек. Буга карабастан калк арасында жандануу байкалууда, айрыкча соода түйүндөрү кызуу иштей баштады. Элдин көп топтолушу байкалууда. Бул оорунун жугуу коркунучунун жогорулашына алып келет”, - деди ал.

Саламаттык сактоо министринин орун басары жарандарды алдын алуу чараларын сактоого чакырды. Социалдык аралык, беткап тагынуу жана өздүк гигиена - оорунун алдын алууда абдан жөнөкөй, бирок өтө маанилүү эрежелер болуп саналат.

“Эгерде мындай сунуштар аткарылбаса, кырдаал курчуп, кескин чараларды колдонууга туура келет жана алдын алуу чаралары сакталбаса, оорунун экинчи толкуну башталышы мүмкүн”, - деп белгиледи Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-майга карата коронавирус жуктурган 28 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 871ге жетти. Алардын ичинен 614 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий