• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оорунун күч алуу, массалык түрдө жайылуу тобокелдиги артса кескин чектөө чараларын киргизүү сунушталат – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Оорунун күч алуу, массалык түрдө жайылуу тобокелдиги артса кескин түрдөгү чектөө чараларын киргизүү сунушталат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Оорунун кайра күч алуу, массалык түрдө жайылуу тобокелдиги артса, ооруну кимден жуктуруп алганы белгисиз болгон учурлар көбөйсө Саламаттык сактоо министрлиги республикалык штабга кескин түрдөгү чектөө чараларды киргизүү сунушун берет", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-майга карата коронавирус жуктурган 28 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 871ди түзөт. Алардын ичинен 614 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий