• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оорунун жүрүшү эле эмес, узак мөөнөттүү постковиддик синдром коркунучтуу — дарыгер

COVID - 19 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлигинин Эндокринологиялык борборунун башкы дарыгери Наталья Добрынина жарандар эмне үчүн COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керектиги жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, учурда COVID-19ду жуктуруп жаткандардын көпчүлүгү жеңил жана орто оордукта ооруп жатышат. Ошондуктан коомдо эми эмдөөнүн кереги жок деген пикир жүрүүдө.

“Азыркы учурда оорунун өтүшү эле эмес, бир топ адамдарда бир жылга же андан көпкө созула турган узак мөөнөттүү постковиддик синдром коркунучтуу. Ал катуу астения, неврологиялык симптомдор жана башка бир катар көрүнүштөр, анын ичинде тромбоз түрүндөгү кесепеттер, инсульттан кийинки тобокелдиктер, инфаркттар, бронхалык-өпкө патологиясынын прогресси, жүрөк-кан тамыр оорулары менен коштолот. Карылар, өнөкөт оорулары бар адамдар коркунучта. Эмдөө ушул кыйынчылыктарды болтурбоону шарттайт. Ошондой эле эмдөөдөн өтүү катуу оорулардын жана бул илдеттен улам өлүмдөрдүн алдын алууга жардам берет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий