• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ооруп жатат. Жактоочу соттон Атамбаевдин катышуусуз жазык ишин кароосун суранды

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Ш.Атамбаев, Ф.А.Ниязов, И.Ю.Карамушкина, А.С.Кодуранова, Р.Б.Жеенбеков, М.Ж.Мискенбаев, К.А.Жолдубаева, К.Р.Сагымбаев, М.Т.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Ж.Баабиев, К.А.Осмоналиев, Н.Капарбек уулун, Ф.Ж.Баабиев, К.К.Карагулов, И.Абдыгазиев, Т.Т.Тынымсейитов, Ю.И.Васильев, А.Ш.Суранчиев жана А.А.Шадиевдерди айыптоо боюнча жазык иши каралууда.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү соттук отурумда жактоочу З.Жоошев жазык ишинин А.Ш.Атамбаевге карата бөлүгүн өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө өтүнүч келтирди. Сот отурумдун катышуучуларынын пикирлерин угуп, аталган өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырды.

Андан сырткары, айыпталуучу А.Ш.Атамбаевден анын ооруп жаткандыгы жана жазык ишин анын катышуусуз кароо мүмкүнчүлүгү жөнүндө арыз келип түштү.

Тараптардын ойлорун угуп бүткөн соң, айыпталуучу А.Ш.Атамбаевдин жоктугуна байланыштуу, соттук отурум 2021-жылдын 3-февраль күнүнө, саат 14:00гө жылдырылды.

Пикир

Оставить комментарий