• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ОПЕК+ мунай өндүрүүнү азайтууга макулдашты

Дүйнө 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму (ОПЕК) жана мунай экспорттогон башка өлкөлөр кара май өндүрүүнү суткасына 9,7 миллион баррелге чейин азайтууга макулдашты. Бул чектөө майда жана июнда да аткарылышы керек.

Мунай экспорттоочу өлкөлөр 2022-жылдын апрель айына чейин мунай өндүрүшүн акырындык менен азайтат.

Трамп “Твиттердеги” баракчасына: “ОПЕК+ уюму менен Чоң Мунай Келишими жасалды. Бул АКШнын энергетика тармактарында жүз миңдеген жумуш орундарын сактап калууга жол ачат” деп жазды. Кошмо Штаттардын президенти Россия президенти Владимир Путин менен Сауд Арабиясынын королу Салманга ыраазычылык билдирди.

Келишимге 23 өлкө кол койгон. Буга чейин ОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүшүн 10 миллион баррелге чейин кыскартууну көздөшкөн болсо, 12-апрелдеги келишим учурунда 9,7 миллион баррелге чейин төмөндөтүүгө макулдашышты. Себеби Мексика өз позициясын өзгөртпөй, 400 миң баррель квотага макул болгон эмес.

Ирандын мунай министринин кабарлашынча, Мексика май жана июнь айларында мунай өндүрүшүн суткасына 100 миң баррелге кыскартат. Калган 300 миң баррелди Мексинанын ордуна АКШ азайтууга убада берди.

ОПЕК+ өлкөлөрүнүн кийинки видеоконференциясы 2020-жылдын 10-июнунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий