• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Опера ырчысы К.Карыпбаева: С.Жээнбеков Кыргызстандын материалдык эмес байлыгын сактоого колдоо көрсөтөт

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 02.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Чүй областынын Арашан айылында Аламүдүн районунун жашоочулары менен жолугушту жана «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок!» аттуу программасын шайлоочуларга сунуштады.

Сооронбай Жээнбековду колдоо ирээтинде Арашан айылынын жашоочусу, республиканын опера ырчысы Кундуз Карыпбаева сөз сүйлөп, шайлоодо Сооронбай Жээнбековд уколдоо чечимине келгенин билдирди. «Талапкер өз эмгек жолун катардагы мугалимден баштап, 40 жылдан бери мамлекет үчүн иштеп келе жатат жана мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтеринен өткөн экен. Бул жылдары аткарылган реалдуу иштер тууралуу гана айтайын. Мен опера ырчысы болуп иштейм жана биздин айлык акыбыз 80 пайызга көтөрүлдү. Сооронбай Жээнбеков айлык акылар жана пенсиялар дагы эки эссе көтөрүлөт деп айтып жатат, биз ага ишенебиз. Анткени бул киши куру убадаларды бербейт жана убада кылса – анны сөзсүз аткарат. Биз жолдо рсалынып, инфраструктура жакшырып жатканын көрүүдөбүз. Жаңыдан гүлдөп бүтүп, мөмө бергени жаткан даракты кайра отургузбайбыз да? Дал ушундай биздин да мамлекет жөнүндө айтса болот. Сооронбай Жээнбеков – бүгүнкү саясатты улантып, мамлекетке мөмө алып келе турчу киши. Ошондуктан мен Сооронбай Жээнбековго добушумду берем», - деп айтты Кундуз Карыпбаева.

Ал Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын материалдык эмес байлыгын сактоого колдоо көрсөтөрүнө ишенгенин айтып, «Олжобай жана Кишимжан» операсынан үзүндү ырдап берди.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 02.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий