• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Опера жана балет театрында артисттердин массалык түрдө кетпегендиги айтылды

Коом 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын артисттери массалык түрдө кетип жаткандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында аталган театрдын башкы режиссеру Искендер Сартбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө театрдын дарегине негизсиз айыптоолор айтылууда.

“28-июлда театрдын 13 артисти өз каалоосу менен арыз жазып, иштен кетти. Жетекчилик алар оюн өзгөртүп калышы мүмкүн деп жарым ай буйрук чыгарбай келген. Бирок андай болгон жок”, - дейт ал.

Сартбаев Атабек Садыркулов жана анын жубайы Астраханга иштегени кеткенин жана кайтып келүү боюнча арызын дагы деле бере электигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-мартында Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын артисттери “Лебединое озеро” спектаклине чыкпай турганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий