• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Опера жана балет театрынын артисттери карылар үйүндө концерт беришет

Маданият 0

Бишкек, 28.09.17. /Кабар/. Карылардын эл аралык күнүнө карата А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисттери карылар жана майыптар үчүн Төмөнкү Серафимов үй-интернатында концерт беришет.

Маалым болгондой, концерт 3-октябрда өтүп, театрга келе албагандар үчүн опера солисттери өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Иш-чаранын алкагында бары сүйүп уккан махабат ырлары, кыргыз жана совет композиторлорунун белгилүу чыгармалары жаңырмакчы.

Концертте КР эл артисти Керим Орузбаев, эмгек сиңирген артисттер Бактыбек Ыбыкеев, Кайымбек Кускаков, Тилек Найманбаев, эл аралык сынактардын лауреаты Глеб Ким жана башкалар ырдашат.

Белгилей кетсек, карылардын эл аралык күнү БУУнун Башкы ассамблеясынын 45-сессиясында жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий