• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Опера жана балет театрынын оңдоо иштери сентябрь айында аяктайт – Турапов

Маданият 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын оңдоо иштери сентябрь айынын ортолорунда аяктайт. Бул тууралуу пресс-тур учурунда театрдын директору Керим Турапов билдирди.

Анын айтымында, театрдын капиталдык оңдоо иштерине бюджеттен 47 млн. сом бөлүнгөн. Бирок, каражаттын баары жумшалбайт.

"Азырынча, бизге 47 млн. сом бөлүндү. Бирок, тендерден кийин сумма азаят. Маселен, биз 15 млн. сомго тендер жарыяласак, бирөө 10 млн. сомго утуп алышы мүмкүн. Калган каражат бюджетке кайтарылат. Ошон үчүн каражаттын баары өздөштүрүлөт деп эсептөөгө болбойт. Мурда үнөмдөө болуп, ал каражатты башка, мисалы кондиционер алууга жумшайбыз деп ойлогом. Көрсө болбойт экен. Мага түшүндүрүшкөндөй, калган каражат бюджетке кайтарылат". - деди ал.

Учурда театрда Малахит залы оңдолуп жатат. Ал жерде косметикалык оңдоо иштери жүрөт. Тураповдун айтымында, бул залда оңдоо иштери 1984-жылдан бери өткөрүлгөн эмес. 2000-жылдардын башында гана косметикалык оңдоо иштери болгон.

Театрдын калган бөлүктөрүндө, маселен иш бөлмө, грим бөлмөлөрүндө капиталдык оңдоо иштери аткарылат.

"Канализацияны алмаштыруу зарыл. Менимче, 47 млн. сом толук оңдоо иштерине жетпейт. Учурда, биз болжол менен 30-35 млн. сомду өздөштүрүп жатабыз. Бирок биз кондиционер да орнотушубуз керек", - деген Турапов, театрдын сахнасында бир нече жыл мурда оңдоо жүргүзүлгөндүктөн капиталдык оңдоо болбой тургандыгын айтты.

Театрда жалпы артисттер үчүн 45 грим бөлмөсү, эки балет залы жана хор-класс бар.

Пикир

Оставить комментарий