• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Опера жана балет театрынын жетекчилигине тиешелүү чара көрүлөт – Жаманкулов

Коом 0

Бишкек, 20.01.19. /Кабар/. Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын жетекчилигине кызматтык тартиптеги чаралар көрүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирген.

Ал белгилегендей, министрлик опера жана балет театрында компьютердик оюндар боюнча Dota-2 аттуу иш-чаранын өтүшүнө терс көз карашта.

“Маданий мекемелерде жалаң гана маданий иш-чаралар өтүүсү керек. Ал эми “Dota” андай иш-чаралардын катарына кирбейт. Ошол себептен театрдын жетекчилигине тиешелүү кызматтык чаралар көрүлөт”, - дейт ал.

Жаманкулов кабарлагандай, 21-январь күнү бул маселе боюнча дисциплинардык комиссия түзүлөт.

“Буга чейин мындай иш-чаралар театрда өткөрүлгөн эмес. Бир гана коомчулукта резонанс жараткан туулган күн майрамдаган иш-чарадан тышкары. Компьютердик оюндардын уюштуруучулары бир күнгө театрды сурап, өткөрүшкөн экен. "Dota 2" киберспорту - спорттун дүйнөлүк алкакта таанылып бараткан жаңы түрү болуп саналат. Бирок, ага карабастан менин оюмча, мындай иш-чаралар театрдан тышкары башка имараттарда өтүүсү керек”, - дейт ведомствонун башчысы.

Эске салсак, коомчулукта республиканын башкы театрында мындай киберспорт боюнча оюндардын өтүшү нааразычылык жараткан.

Пикир

Оставить комментарий