• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Опера жана балет театрынын жетекчисине сөгүш жарыялоо боюнча өкмөт башчыга сунуш киргизилди

Коом 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге Улуттук опера жана балет театрынын директору Болот Осмоновго сөгүш жарыялоо боюнча сунуш киргизди.

Маданият министри "Кабар" агенттигине билдиргендей, опера жана балет театрынын улуттук деген макамы болгондуктан Болот Осмоновго премьер-министр сөгүш бере алат.

Эскерте кетсек, коомчулук өткөн дем алыш күндөрү опера жана балет театрында Dota-2 киберспорту боюнча мелдеш өткөнүнө нааразы болгон.

Маданият министрлиги театрда мындай иш-чара өткөрүлүшүнө терс көз карашын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий