• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Оптима Банкы” өз жарнамасында Кыргызстандын бурмаланган картасын колдонгон

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. «Оптима Банк» ААКы өз жарнамасында Кыргызстандын бурмаланган картасын колдонгон. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, агенттик тарабынан «kg» зонасында интернетте таралган жарнактарга мониторинг жүргүзүү учурунда «Оптима Банк» ААКынын расмий сайтында (https://www.optimabank.kg /ru/about-rus.html шилтемеси боюнча), Кыргызстандын бурмаланган картасын чагылдырган жарнамалар таратылган факты аныкталган. Тактап айтканда, картага Баткен облусунун Ак-Сай айылы Кыргыз Республикасынын аймагы катары кирбей калган.

Бул фактыда КР«Жарнама жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 8-бөлүгүндө, КР Конституциясынын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө, ошондой эле КР "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган бузуу белгилери бар.

Жогорудагылардын негизинде, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан «Оптима Банк» ААКсына карата КР «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 277-беренесинин талаптарын бузуу фактысы боюнча протокол түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий