• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Опузалап $2 миң алып кеткен. Милиция шектүүнү колго түшүрдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Милиция опузалап акча акча алып кеткен жаранды кармады.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2020-жылдын 2-декабрында болжол менен саат 21:00дөр чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына Горький жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен акчамды опузалап алып кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган.

"Т.А. аттуу айымдын (аты өзгөртүлдү) $2 миң акчасын чала тааныш жаран опузалап алып кеткендиги аныкталган. Милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган А.Ч аттуу жаранды кармашып, Аламүдүн райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий