• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Опузалоого шектелген сот аткаруучу ээлеген кызматынан бошотулду

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Опузалоого шектелип жаткан Чүй облусунун Кемин районунун сот аткаруу кызматы бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу М.А.А. ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу КРнын Жогорку сотунун Сот департаментинин басма сөз катчысы Назира Сагыналиева билдирди.

Анын айтымында, сот аткаруучу мамлекеттик органдын беделин түшүрүүгө байланыштуу Сот департаментинин директору У.Кожомбердиеванын буйругу менен иштеп бошотулду.

Эскерте кетсек, өткөн жумада ЖМКларда жана социалдык тармактарда “Кемин районунун улук сот аткаруучусу пара талап кылды” деген ат менен видео материал тарап, аталган факт боюнча Сот департаментинин жетекчилиги тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүү талап кылынган.

“Мамлекеттик органдын беделин түшүү фактысы боюнча Чүй облусунун Кемин районунун улук сот аткаруучусу М.А.А. Сот департаментинин директору У.Кожомбердиеванын буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулду. Аталган факт социалдык тармактарда коомчулуктун сынына кабылган”,-дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий