• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Ордо” партиясынын лидеринин жубайы милициядан жолдошун издөө иштерин токтотууну өтүндү

Коом 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Бишкекте шайлоо күнү "Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров дайынсыз жоголгон.

“Кабар” агенттигине Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 29-ноябрда маалыматтык веб-сайттардын бирине Мирбек Мияровдун жоголгондугу тууралуу маалымат чыккан.

Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын автоматташтырылган маалыматтык системасынын журналына катталган.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин кызматкерлери барып, Мирбек Мияров 2021-жылдын 28-ноябрында саат 15:00дөр чамасында шайлоо тилкелеринин биринен чыгып, андан соң унаасы менен белгисиз тарапка кеткен бойдон байланышка чыкпагандыгы тууралуу алгачкы маалыматтарды алган.

Мындан тышкары, Мирбек Мияровдун жубайы милицияга жолдошун издөө иштерин токтотуу өтүнүчү менен кайрылып, эч кандай дооматы жок экендигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий