Ордолуу Ош шаары. Туристтерди таң калтырган саякат

Аймак 0

Кыргызстан – таң калаарлык тоолуу өлкө. Анын аймагында ар түркүн кооз жерлер арбын. Кыргызстан акыркы жылдары чет элдик туристтердин арасында чоң кызык жаратып келет. Кыргыздардын жашоо шарты, жаратылышы жана эли менен таанышууну каалагандардын саны жылдан жылга өсүүдө. Кыргызстандын ар бир бурчу өзүнчө ажайып. Эгер сиз буга чейин Кыргызстанга келбеген болсоңуз, саякатты кереметтүү Ош жергесинен баштоону сунуштайбыз.

Ош облусу – Кыргызстандын түштүк жагынан орун алып, өлкө ичинде эң кооз жана сыйкырдуу дубан болуп эсептелет. Оштун кереметүү жерлери өзүнүн кооздугу менен көптөрдүн жүрөгүн багындырып келет. Ал эми жагымдуу аба ырайы, таза аба жана тоодон соккон салкын жел көптөрдүн эс алуусун унутулгус кылат. Бирок, жай мезгилинде абанын температура кескин жогорулайт, ошол себептен күндөн сактоочу көз айнек, баш кийим жана ар түрдүү бет майларды колдонуу сунушталат.

Сулайман-Тоо

Сулайман-Тоо — Кыргызстандын Ош шаарындагы ыйык тоо. Ал Ош шаарынын так ортосунда, Ак-Буура суусунун сол жээгинен орун алган. Узундугу – 3 чакырым, туурасы – 1,5–2 чакырымды түзүп, деңиз деңгээлинен 1176 метр бийиктикте жайгашкан. Сулайман-Тоо – улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекс болуп саналат. Сулайман тоо чөгүп турган төөгө окшошуп кетет. Ал тоо мазарга айланып, сыйынганы келгендердин саны бир жылда 16-17 миң адамды түзөт. XVI кылымга чейин Сулайман-Тоо Баара-Кух деп аталып келген экен.

Сулайман тоого байланыштуу көп уламыштар айтылып келет. Мисалы, тоонун аталышы Сулайман пайгамбардын аты менен байланыштуу. Акылмандыгы жана кең пейилдиги үчүн жараткан ага 500 жин зорго көтөрүп жүрө турган таштан жасалган так белек кылат. Пайгамбардын буйругу менен жиндер такты алыскы жакты көздөй көтөрүп жөнөп, акыры абасы таза, чокусун кар баскан тоосу бар жерге алып келишет. Пайгамбар мына ошол жерди гүлзарлуу жерге айланткысы келет. Бирок, ал жерде суу жок болгондуктан, жиндерге мөңгүлөргө кеткен жолдогу тоскоолдуктарды жок кылып, дарыяга нук салууга буйрук берилет. Ошентип, Ак-Буура дарыясы пайда болгон деп айтылат. Ал эми пайгамбардын тагы коюлган тоо Сулайман так, Сулайман-Тоо деген атакка конгон делет.

Ошондой эле тоонун чокусунда “Тахты Сулайман” жана XVI кылымга таандык, жакында калыбына келтирилген “Рават-Абдуллахан” мечиттеринин имараттары, XVIII кылымдагы эстелиги жана худжра имараты бар.

Сулайман- Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Андан тышкары Сулайман-Тоодо “Чакка тамар” жана “Тепеүңкүр” үңкүрлөрү бар.

Ленин чокусу

Ленин чокусуна баргандарды бир эле мезгилде “чочулоо жана рахаттануу” сезимдери курчайт. Анткени анын бир гана сүрү адамдын чочулоосун жаратат. Бул чокуну багындыруу учүн альпинисттерге көп жылдык тажрыйба керек.

Ленин чокусу Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттеринин чек арасында Памир-Алтайда жайгашкан. Бийиктиги 7134 метр түзүп, “жетимиңдик” чокулар арасында эң жеткиликтүүсү болуп саналат. Чокуга чыгууну каалаган альпинисттерди тоодо кардын жана муздун “падышачылыгы” күтөт.

Көрүүнү каалап келген альпинисттер Ош шаарынан унаа менен же кээде велосипед менен да барышат. Ал саякатты андан да кызыктуу кылат.

Алай

Алай өрөөнү – Кыргызстандын түштүгүндө Алай кырка тоосу менен Чоң-Алай Кырка тоосунун арасында жайгашкан. Геологиялык түзүлүшү жана рельефинин калыптануусунун тарыхы боюнча Тян-Шань тоо системасы менен Памир тоо системасынын табигый чек арасы. Чыгыштан батышка карай 200 чакырым аралыкка созулуп жаткан кеңири өрөөн эки жагынан кырка тоолордун капталдары менен чектелет. Өрөөндүн көпчүлүк бөлүгү батыш тарапка эңкейип, Вахш дарыясынын түзүүчүлөрүнүн бири Кызыл суусунун боюнда жайгашкан.

Алай өзүнчө бир ажайып кооз. Бийик тоолордун коюнунда тынчтыкты жана бейпилдикти сезесиң. Бул жерден бийик деңгээлдеги мейманкана, кафе-ресторандарды көрө албайсың, бирок биздин ата-бабаларыбыз кылымдар бою жашап келген боз үйлөр тигилип, келген конокторду кучак жайып тосуп алышат. Боз үйгө уктап, топоздун этин жеп, өзүңдү нукура көчмөн сезе аласың. Көп коноктор келип, чатыр тигип, ачык асман алдында эс алышат.

Алайга бет алганда сөзсүз түрдө Кызыл-Суу дарыясына көңүл буруңуздар. Анын аты бекеринен коюлган эмес, анткени дарыяда чындыгында эле кызыл суу күркүрөп агат. Жолду курчаган тоо кыркаларынын өңү да дарыяга окшоп кызыл түскө боелгон.

Кыргыз-Ата паркы

“Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркы 1992-жылы түзүлүп, жалпы аянтты 11 миң 172 га, тоолуу кайталангыс жаратылыш ландшафты менен өзгөчөлөнүп турат. Тоолор алыстан мрамор сыяктуу көрүнөт. Бул тоолор Алай тоо кыркаларынын тоолуу Памир системасына карап, чындыгында ар түстүү мрамордун түрлөрүнөн куралган экен.

Бул жаратылыш паркына келген баардык коноктор боз үйлөрдө эс алып, таза абада ойноп, сейилдеп кетүүсү үчүн баардык шарттар бар. “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркы туристтерди өзүнө тарткан кооз жерлери бар үчүн, көптөгөн эс алуучулар келип эс алып, андан тышкары “Алтын-Бешик” мазарына атайын келип сыйынып, тилектерин айтып кетишет.

Табыгый паркта жаныбарлардын 200дөн ашык түрү, алардын ичинен илбирс, карышкыр, коен, түлкү жана сүлөөсүндөр бар. Андан тышкары паркта коргоого алынган өсүмдүктөрдүн да көп түрүн көрүүгө болот.

Келген коноктор тоонун таза арча жыттанган абасынан жыттап, “Кыргыз-Ата” дарыясынын албуттанып аккан суусуна суктанып, селкинчек тээп кетише алат.

Бул парк туристтер арасында белгилүү болуп, келгендердин саны жылдан жылга өсүүдө.

Кара –шоро паркы

Кара-шоро паркы Өзгөн районунун аймагында 1996-жылы уюшулган. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы минералдуу булак чыккан, токой, шалбаа өсүмдүктөрү жакшы сакталган аймакты камтыйт. Аянты 845 га. Паркта Батыш Теңир-Тоо менен Памир–Алай тоо тармактарына мүнөздүү ажайып карагай, жаңгак-жемиш, арча токойлор, бийик шалбаа өсүмдүктөрү жана бадалдар өсүп, алардын арасында ар түрдүү жаныбарлар жашайт.

Бул парк Ош шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жерде бир гана шаар ызы-чуусунан эс алып, ат минип гана эмес, ден соолукка пайдалуу болгон саамал сүт ичип жана жер астынан агып чыккан минералдык пайдалуу булактарга түшүүгө болот.

Бул жерде белгилүү болгон 12 минералдык булактар жайгашкан.

Кулуната коругу

“Кулун-Ата” мамлекеттик жаратылыш коругун түзүүнүн негизги максаты - жаратылыш байлыктарын сактоо жана коргоо. Табигый парктын ичинде Кулун-Ата жана Орто-Көл көлдөрү жайгашып, кооздугу көз жоосун алат.

Коруктун аймагын аюу, илбирс, бугу, тоо теке жана башка жапайы жаныбарлар мекендейт. Коруктун ичинде илимий изилдөөлөр үзгүлтүксүз жүрүп, жаныбарларды атпоо тууралуу жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп турат.

Парк Ош шаарынан 40 чакырым алыстыкта Фергана жана Алай кырка тоолорунун аймагында жайгашкан. Келген туристтерди парктын аймагындагы капчыгайлар тосуп алат.

Коруктун босогосун аттаган адам өзүн сыйкырдуу жомокко түшүп калгандай сезет.

Акыркы жылдары бул жаратылыш парк жергиликтүү жана чет элдик туристтердин арасында чоң кызыгуу жаратып, келгендердин саны күндөн-күнгө өсүүдө. Бул парктын ичине атайын экскурсиялар да уюштурулат.

Парктын аймагында сейилдеп жүрүп илбирс, аюу же ителгилерди жолуктуруп калуу мүмкүн.

Чил-үстүн үңкүрү

Чил-үстүн үңкүрү - Ош облусунун Араван районун аймагында, Чилустун тоосунун түштүк-чыгыш капталында, Араван кыштагынан 1,5 чакырым түндүк-батыш тарапта жайгашкан. Карбон мезгилинин акиташ тектеринде пайда болгон. Карсттык үңкүр үч айрыктан турат; жалпы узундугу 400 метр. Чил-үстүн үңкүрү – Орто Азиядагы эң кооз үңкүрлөрдүн бири. Анда хемоген чөгүндүлөрүнүн бардык формалары кездешет. Үңкүрдүн 1-айрыгынын боорлорунда санскрит, араб, орус тилдериндеги жазуулар бар. Санскритчеси 17 кылымга чейин жазылгандыгы божомолдонот. Ошондой эле, жергиликтүү элдердин чырактары жана башка байыркы буюмдары табылган. Туристтик-экскурсиялык маршруттарды, дарылоо жайларын курууга эң ылайыктуу. Тарыхчылар үчүн да кызыктуу үңкүр.

Маалыматтар боюнча үңкүрдүн дубалдары жалтырак таштар менен кадалган. Ошол таштардын жашы 350 млн. жылдан ашык. Спелеология же башкача айтканда үңкүрлөрдү изилдегенди жакшы көргөндөр жарганат, кескелдирик менен жолугууга даяр болуулары керек. Бул жакка келген туристтер сөзсүз түрдө ыңгайлуу жабык бут кийим, баш кийим, жабык кийим кийип, чырак камдап алуусу керек.

Өзгөн

Өзгөн – биринчи кезекте өзүнүн бай тарыхы менен эл арасында кыйла белгилүү. Ал Кыргызстандагы байыркы шаарлардын бири. Биздин заманга чейин II—I кылымдарда алгачкы отурукташкан жайлардан шаар пайда болгон. Өзгөн шаары тууралуу алгачкы маалыматтар IХ–Хкылымдарда араб, фарсы тилдеринде жазылган даректерден белгилүү. Бул мезгилде ал чоңдугу боюнча Фергана өрөөнүндөгү төртүнчү (Аксыкен, Куба, Оштон кийинки) калаа болгон. Байыркы заманда Өзгөндө кол өнөрчүлүк, соода өнүккөн жана ошондой эле алгачкы тыйын акчалар чыгарылган.

Өзгөн шаарынын калкынын көпчүлүгүн өзбек жарандары түзөт. Ал шаарынын өзгөчөлүгү болуп, өзбектер жашаган байыркы махаллялар эсептелет. Келген коноктор байыркы өзбек стилиндеги кварталдарды жана ошондой эле байыркы мунара, мавзолейлерди абдан кызыгып, кыдырып чыгышат. Мунаралар да байыркы заманда курулуп, азыркы заманга чейин сакталган уникалдуу курулуштардын тизмесине кирет. Өзгөн шаары маданияты менен гана эмес тамак-ашы менен да абдан белгилүү. Бул жакка келген ар бир турист Кыргызстан жана КМШ аймагында белгилүү болгон өзгөн күрүчүнөн сөзсүз түрдө ооз тийиши керек.

Даярдаган Салтанат Абдраева

Сүрөттөр /Too.kg, kyrgyzstantravel.net

Пикир

Оставить комментарий