• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Орел и Решка” Кыргызстанда. Экинчи берүү ушул дем алышта эфирге чыгат

Коом 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүгүн жайылтуу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында Кыргызстандын Украинадагы элчилиги “Орел и Решка” программасынын продюсерлери менен Кыргызстан жөнүндө эки теле-берүүнү тартуу боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын июль айында теле-берүүнү тартуу тобу Кыргызстанга жөнөтүлгөн, анда КР Экономика жана Финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жана туризм секторунун өкүлдөрүнүн жардамы менен эки программа тартылган.

Бул программалар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата даярдалып, 2021-жылдын 11-сентябрында “Новый” жана “Пятница” украин телеканалдарында биринчи тасмасы көрсөтүлдү, программа, ошондой эле YouTube каналында бул шилтеме аркылуу жеткиликтүү.

Экинчи программа 2021 -жылдын 18-сентябрында чыгат жана 19-сентябрдан тартып Youtube каналында да жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий