• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оренбург облусунан келген жарандар обсервацияга жаткырылды – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 24.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-май күнү Россиянын Оренбург облусунан келген кыргызстандык жарандар обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн Оренбург облусунан Кыргызстанга 413 жаран келген.

"Жарандардын баары "Манас" аэропортундагы обсерваторго жайгаштырылды. Келгендердин дене табы ченелип, алардын арасында дене табы көтөрүлгөндөр жок. Учурда алардан ПЧР текшерүү жүргүзүү үчүн анализ алынып жатат", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий