• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оренбургда Кыргызстандан барган 230 литр кымыз жок кылынды

Коом 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Оренбург облусунда чек арачылар кычкыл сүт азыгы – кымызды кармашты. Бул тууралуу Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы билдирди.

Ветеринардык текшерүүнүн жүрүшүндө Оренбург облусу боюнча Россия ветфиткөзөмөл кызмат башкармалыгынын адистери 230 литр өлчөмүндөгү кымыз Кыргызстандан ветеринардык коштомо документтерсиз алынып келингендигин аныкташкан.

Жыйынтыгында кармалган кымыз азыгы жок кылынган. Жүк ташуучулар административдик жоопкерчиликке тартылды.

Пикир

Оставить комментарий