Бишкек, 17.05.19. /Кабар/. Россиянын Оренбург облусунда эки кичиавтобус жол кырсыгына кабылып, 1 адам көз жумса, алтоо ар кандай жаракат алган.
Россиялык ММКлар кабарлагандай, жол кырсыгы 16-июнь күнү болгон. Жол кырсыгына кабылган “Hyundai” үлгүсүндөгү унаасында 8 адам, “Газель” үлгүсүндөгү унаада эки жубай небереси менен бара жатышкан.
Жыйынтыгында жол кырсыгынан 6 адам жабыркаган. Алардын төртөө кыргызстандыктар.
“Газель” унаасынан 59 жаштагы Александр Е. аттуу РФнын жараны көз жумган. 57 жаштагы Вера Е. аттуу жаран жана алардын 5 жашар небереси ооруканага жаткырылган.
Пикир
Оставить комментарий