Оренбургдан Бишкекке 164 кыргыз жараны учуп келди

Коом 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. РФнын Оренбург шаарынан Бишкекке 164 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунда бүгүн, 20-майда «Тез Жет» авиакомапаниясынын Оренбург-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты

«164 мекендешибиз өлкөгө кайтарылды. Кыргызстанга келген бардык жарандар обсервацияга жайгаштырылат. Бул рейс Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды», - деп айтылат маалыматта.

Мекенине кайтып келгендердин арасында эки бала, 82 аял, анын ичинен 33ү кош бойлуу, улгайган курактагы же ден соолугу начар болгон 80 эркек адам бар.

Эске сала кетсек, буга чейин КР ТИМден Оренбургдагы кыргызстандыктарды алып келүү үчүн чартердик каттам уюштурула тургандыгын кабарлашкан болчу.

Чет өлкөлөрдө турган Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн, диаспоралардын өкүлдөрүнүн, атамекендик авиакомпаниялардын жана активисттердин тыгыз кызматташуусунда жана колдоосунда жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий