• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оренбургдан Кыргызстанга автобустар менен 1 миң 715 жаран кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-августта Кыргызстанга Россиянын Оренбург облусунан Казакстандын аймагы аркылуу биринчи колоннада 29 автобус менен 1 миң 715 КР жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда 1 миң 569 Кыргызстандын жараны экинчи колоннада 25 автобус менен казак-кыргыз чек арасына бет алды, аларды Казакстандын жол полициясы кызматы коштоп келет.

Аталган иш-чаралар биздин жарандарды чыгарып кетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмаларын аткаруу үчүн Кыргызстан жана Казакстандын тышкы саясый ведомстволорунун РФтин Оренбург облусунда жүргөн КР жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагы боюнча кезектеги транзиттик коридорду берүү тууралуу макулдашуусунун негизинде ишке ашырылган.

ТИМ РФнын аймагындагы КР жарандарын Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасы тарапка анын ачылышына чейин өтпөй турууга чакырат.

27-августан тарта жарандар авиабилеттерди авиакассалардан же авиакомпаниялардын расмий сайттарында аралыктан сатып ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий