Органикалык айыл чарбанын абалын жана келечегин талкуулаган конференция өтөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.02.19 /Кабар/. Бишкекте 22-февралында органикалык айыл чарбанын абалы, өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү, тобокелдиктери, келечегине арналган конференция өтөт.

Бүгүнкү күнү биздин фермерлер өстүргөн өндүрүмдөрүн сатуу көйгөйүнө кабылышууда. Кыргызстандык айыл-чарба өндүрүүчүлөр дүйнөлүк базарда чет мамлекеттик импорттоочуларга атаандаша албай келет. Буга Эл аралык соода тармактарын сураган өндүрүмдүн жетиштүү өлчөмү менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу негизги себеп болуп келет.

Ошондуктан айыл-чарба өндүрүүчүлөрүбүзгө өз позицияларын күчөтүп, органикалык өндүрүмдөрдү өстүрүүгө өтүүсү зарыл, себеби, дүйнөдө экологиялык жактан таза өндүрүмдөргө болгон суроо-талап күчөп бара жатат.

Органикалык айыл-чарбасы көптөгөн өлкөлөрдө күч алып бара жаткандыгын белгилеп кетүү керек. Органикалык айыл-чарбасын изилдөө институтунун (FiBL) жана Органикалык айыл-чарбасы кыймылынын эл аралык федерациясынын (IFOAM) маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө органикалык айыл-чарбасына бөлүнгөн жерлердин аянты улам барган сайын көбөйүүдө.

18 жылдын ичинде анын көлөмү абдан кеӊейип, 2016-жылы 58 млн.гектарды түзгөн. Органикалык өндүрүмдөрдү сатуунун Дүйнөлүк рыногу жылына (2016-жыл) 90 млрд. долларга өскөн. Дүйнө жүзүндө өлкөнүн кандай түрдө өнүккөндүгүнө карабай, «эко», «био» же «органик» белгилери менен өндүрүмдөргө суроо-талап күчөп жатат, бул болсо таза, экологиялык өндүрүмдөргө карата тенденциянын өсүп бара жаткандыгын билдирет.

Органикалык айыл-чарбасын өнүктүрүүдө экономикалык пайдадан сырткары, экологиялык да пайда бар. Жер ресурстары кыскарып, экология бузулуп калган шарттарда жаратылыш ресурстарын рационалдуу жана зыянсыз пайдалануу зарылдыгы актуалдуу болуп калат. Ал эми органикалык айыл-чарбасында азыктандыруунун жана өсүмдүктөрдү, кыртышты коргоонун зыянсыз, биологиялык ыкмалары колдонулат, ал болсо экологияга дээрлик зыян алып келбейт.

Биздин өлкө үчүн айыл-чарбасына мындай мамиле жасоодон курчап турган чөйрөгө химиялык заттардын киришинин саны төмөндөйт; табигый экосистема кармалып турат; биотүрдүүлүк сакталып калат; жер алдындагы жана үстүндөгү суулардын кирдеши азаят, жарандардын ден соолугу жакшырат; өсүмдүктөрдү азыктандырууда жана зыянкечтерди жок кылууда химиялык заттарды колдонуу азят; келечекте бул туризмдин жана экотуризмдин өнүгүшүнө түрткү берет; эко өндүрүмдөргө бизнестин өнүгүүсүнө түрткү берет; калк иш менен камсыз болот; экономиканын диверсификациясына жана импорт алмашылышына түрткү берет ж.б.

Ошондой эле он жылдын ичинде республиканын бардык аймактарында органикалык өсүмдүк жана жаныбарлар өндүрүмүн өндүрүүгө өтүү сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий