• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коргоо министрлигин кайра түзүүдө кошумча чыгымдар талап кылынбайт

Коом 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Коргоо министрлигин кайра түзүүдө кошумча чыгымдар талап кылынбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Коопсуздук кеңешинини катчысынын биринчи орун басары Жаныбек Капаров президенттин «КР Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгына комментарий берип жатып билдирди.

Президенттин жарлыгына ылайык, КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын базасында Коргоо министрлиги түзүлөт.

Анын айтымында, Коргоо министрлигинин башчысын Жогорку Кеңеш бекитет. “Бул кайра түзүү кошумча каржылоону талап кылбайт. Эч кандай кыскартуулар болбойт. Жөн гана эки ведомство бириктирилет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий