• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Орхан Инанды бир айдан бери табыла элек. ИИМ издөө иштерин улантууда

Коом 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Милиция Орхан Инандыны издөө иштерин улантууда. Бул тууралуу агенттикке ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тергөө сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон бардык тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын жараны Инанды 31-майда Бишкекте жоголгон. Милиция "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Орхан Инандыны издөө жана тактоо боюнча сотко чейинки өндүрүш ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

"Сапат" билим берүү мекемеси окуу жайдын президенти Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо үчүн сый акы бере турганын жарыялады. Сый акы берилген маалыматка жараша болот.

Пикир

Оставить комментарий