• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Орхан Инандынын жоголушу. "Сапат" билим берүү мекемеси маалымат үчүн сый акы берет

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. "Сапат" билим берүү мекемеси окуу жайдын президенти Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо үчүн сый акы бере турганын жарыялады.

Аталган билим берүү мекемесинен кабарлашкандай, сый акы берилген маалыматка жараша болот.

"Анонимдүүлүккө кепилдик берилет. Байланыш номерлери: (0550) 049-050; (0555) 155-144", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 31-майдан бери "Сапат" ("Себат") билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп жатат. Милиция "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий