• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ормон хан тууралуу тасма тартуу үчүн мыкты сценарийге сынак жарыяланды

Маданият 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Кинематография департаменти Ормон хан Ниязбек уулунун (Ормон хан) жөнундө тасма тартуу үчүн мыкты сценарийге сынак жарыялайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тартыла турган тасма Ормон хандын 230 жылдык мааракесине арналып, анын өмүр жолун жана ишмердүүлүгүн баяндамакчы.

Сынакка билдирмелер 1-июндан 1-августка чейин кабыл алынат. 30 мүнөткө чейинки даректүү тасмалардын долбоорлору кабыл алынат. Сынакка КР жарандары катыша алат. Кино долбоор төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

1. Кинематография департаментинин директорунун атына кат.

2. Долбоордун кыскача синопсиси.

3.Календардык план.

4.Сценарий.

5.Сценарийдин автору, режиссеру жана продюсеринин Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыктаган документтеринин көчүрмөлөрү (паспорт).

6. Долбоордун бюджети.

7. Кинодолбоордун режиссерунун, сценаристин өмүр баяны, атайын окуу жайын же режиссердук курсту бүтүргөндүгү тууралуу документ (CV).

8. Режиссердун фильмографиясы, эл аралык кинофестивалдарда алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү.

9. Кинодолбоорлорго кино тармагында жетишкендиктери бар адистин көркөм жетекчи болууга сунуштама.

10. Тарта турган кинокомпаниянын же студиянын фильмографиясы.

Эскертүү: жогорудагы тизмедеги талап кылынган иш кагаздар 2 нускада болушу керек. Иш кагаздар толук болбосо кабыл алынбайт.

Дареги: Бишкек ш., Логвиненко көч., 13, Ч.Айтматов атындагы Кино үйү.

Сурап билүү телефондору:+996 312 300265; +996 312 301046.

е-mail: goskinokg@mail.ru; kyrgyzcinema.gov@gmail.com

Пикир

Оставить комментарий