• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Орок айылындагы мушташтан жабыркаган өспүрүмдөрдүн абалы туруктуу экендиги айтылды

Кырсык 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Орок айылындагы 5-июнь күнү болгон мушташтан кийин Шаардык балдар клиникалык ооруканасына эки өспүрүм жеткирилген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик билдиргендей, 16 жаштагы А.Т., аттуу бала нейрохирургия бөлүмүндө дарыланып жатат. Ал эми 16 жаштагы Ж.Р., аттуу экинчи бала реанимациядан жалпы палатага которулган.

Экөөнүн абалы туруктуу.

"Алар баардык тийиштүү дарыланууну алып, дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат", - деп билдиришти министрликтен.

Белгилей кетсек, кечээ Орок айылында Айт намаздан кийин үч бала уруша кеткен. Анын жыйынтыгында бир бала ооруканага жеткирилген. Бул окуядан кийин эл чогулуп ошол жерде жашаган кишилердин болжол менен 12 үйүнүн айнектери талкаланган. Бир үйдүн жыйылып турган чөбү өрттөлгөн.

Бул окуянын жыйынытыгында милиция кызматкерлери жалпы 32 кишини кармашкан.

Ички иштер министрлиги Сокулук районундагы бейбаштыкты улуттар аралык чыр-чатак катары карабоо керектигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий