• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Орок» конушунда табылган курт-кумурскалар зыянсыз — Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын энтомологдору «Орок» конушунда табылган курт-кумурскалардын зыяны жок экенин аныкташты, деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматк аылайык, жылуу аба ырайына байланыштуу бул курттар жердин астынан жаз мезгилине чейин ойгонуп чыгышты. Булар жашыл чөп менен азыктанып шаардын ичинде дагы кездешиши мүмкүн. Энтомологдордун айтымында, аба ырайынын өзгөрүлүшү менен, күндүн суукташын бул курттар көтөрө албай өлүшү мүмкүн.

"Ишкананын адистери видеонун автору менен байланышка чыгып, жакын арада “Орок” конушуна барып бул курттардын келип чыгышын аныкташарын белгилешти", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий