• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ороктогу окуя: Кармалган өспүрүм үй камагына чыгарылса, экинчиси тергөө абагына алынды

Коом 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Ороктогу окуядан кийин кармалган өспүрүм бала үй камагына чыгарылса, экинчиси тергөө абагына алынды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук сотунда Орок айылындагы окуя боюнча кармалган эки балага карата бөгөт чарасы каралган.

Соттун чечими менен 15 жаштагы А.А., үй камагына чыгарылган. Ал эми 23 жаштагы А.К., 2 айга камакка алынган.

Белгилей кетсек, 5-июнь күнү Орок айылында Айт намаздан кийин үч бала уруша кеткен. Урушкандарды арачалоого аракет кылып, бир бала жаракат алган. Жыйынтыгында эки бала ооруканага жеткирилсе, эки бала убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул окуядан кийин эл чогулуп ошол жерде жашаган кишилердин болжол менен 12 үйүнүн айнектери талкаланган. Бир үйдүн жыйылып турган чөбү өрттөлгөн.

Жыйынтыгында милиция кызматкерлери жалпы 32 кишини кармашкан. Кийинчерээк алар кое берилген.

Ички иштер министрлиги, Сокулук районундагы бейбаштыкты улуттар аралык чыр-чатак катары карабоо керектигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий