• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Орозалиев: Азык-түлүк ташыган ишкерлерге 2,7 миң уруксат кагазы берилди

Коом 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. 26-марттан 1-апрелге чейин Бишкек шаарынын комендатурасы тарабынан азык-түлүк ташыган жана тамак-аш жеткирүү тармагында иштеген ишкерлерге 2,7 миң өткөрмө уруксат кагазы берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

"Шаардын четтеринде маселе бар, бирок алар боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди", - деди ал.

Аны менен бирге ал, медициналык кызматтарды көрсөткөн жана дары-дармектер менен камсыздаган фирмаларга 700дөн ашык өткөрмө уруксат кагазы берилгенин айтып өттү.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 116ге жетти. Алардын ичинен 5 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий