• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Орозалиев: Бишкек шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди (чектөөлөр)

Коом 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Орозалиев тиешелүү буйрукка кол койгонун айтты.

Киргизилген чектөөлөр:

-1. Шаар ичинде жөө жүрүүгө жана унаа менен жүрүүгө тыюу салынат, төмөнкү учурлардан сырткары:

- жашаган жеринен үйүнө чейин жана жумушунан үйүнө кайтуу, жанында ишмердүүлүгү бекитилген тармактардын тизмесине кирген уюмдарда иштегени жөнүндө аныктамасы болушу керек;

- каттоо маалыматтары, анын ичинде убактылууну эске алганда, жашаган жеринен 1,5 км алыс эмес радиустагы дүкөндөн азык-түлүк товарларын, дарыканалардан медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди сатып алуу;

- үй жаныбарларын, каттоо маалыматтары, анын ичинде убактылууну эске алганда, жашаган жеринен 100 метрден алыс эмес радиуста сейилдетүү, 30 мүнөттөн көп эмес;

- ыкчам учурлар боюнча медицина мекемелерине чыгуу;

- адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан өзгөчө кырдаалда ж.б.у.с. учурларда үйдөн чыгуу.

2. Туугандарга, досторго, кошуналарга ж.б. конокко барууга тыюу салынат;

3. Бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнөн сырткары, 3 адамдан көп топ болуп чогулууга тыюу салынат;

4. Жашы жете электерге чоң адамдардын коштоосу жок жүрүүгө тыюу салынат;

5. Шаардын жашоо ишмердүүлүгүн камсыз кылгандардан тышкары, бардык уюмдар менен ишканалар ишин убактылуу токтотсун. Ишмердүүлүгүнө уруксат берилгендердин тизмесине кирбеген тармактардын бардык уюмдары жана ишканалары өзгөчө абал учурунда ишмердүүлүгүн токтотуп, аралыктан же онлайн режимде иш жүргүзсүн.

Пикир

Оставить комментарий