• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Орозалиев: Бишкек шаарында кагаз түрүндө дээрлик 26 миң уруксат кагазы берилген

Коом 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарында кагаз түрүндө 25 миң 918 уруксат кагазы берилген. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен жөө адамдарга 12 миң 650 өткөрмө кагазы, 13 миң 268и унаалар үчүн берилген.

"Электрондук түрдө 23 миң 373 арыз каралып, анын ичинен 1 миң 252и боюнча уруксат кагаз берилди", - деди ал.

Ал өзгөчө абал тартибинин мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып жаткандыктан мурда берилген өткөрмө кагаздардын мөөнөтү да узартылганын билдирди.

Уруксат кагазын алуу үчүн арыздарды 1312.tunduk.kg порталына калтырууга болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий