• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Орозалиев: Бишкекте коменданттык саатты бузган 57 жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Бишкекте коменданттык саатты бузган 57 жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ал белгилегендей күндүзгү маал (07:00-20:00 сааттар арасында) өзгөчө абалдын тартибин бузгандыгы үчүн 54 кармалган.

"Бишкекте коменданттык саатты бузган 57 жаран кармалды. Алардын ичинен 49у эркек, 8 аял киши", - деди ал.

Ал эми өзгөчө абал киргизилгенден бери Бишкекте коменданттык саатты бузган 1 миң 665 жаран кармалган: 1 миң 445 эркек жана 220 аял киши.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий