• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Орозалиев: Бишкекте коменданттык саатты бузган 99 жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Бишкекте коменданттык саатты бузган 99 жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ал белгилегендей, кармалгандардын ичинен 85и эркек, 14ү аял кишилер.

Анын айтымында, өзгөчө абал киргизилгенден бери шаар ичинде кылмыштардын саны азайган.

Эскерте кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 144кө жетти. Алардын ичинен 6 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий