• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Орозалиев: Коменданттык саат учурунда тартип бузган 195 жаран кармалды, арасында чет элдиктер бар

Коом 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Бишкек шаары боюнча 25-мартта кечки саат 20:00дөн 26-март саат 7:00гө чейин 195 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинен 14 аял, 163 эркек, 6 жашы жете элек өспүрүм жана 18 чет элдик жаран – пакистандык жана индиялык студенттер. Бул тууралуу КР ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, кечки саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коомдук коопсуздукту сактоо максатында ИИМдин кайгуул кызматынын кызматкерлери кайгуул иштерин алып барышкан.

"Коменданттык саат башталгандыгына карабастан көчөдө жүргөн 195 адам кармалган. Анын 163 - эркек, 14 - аял, 6 - жашы жете элек өспүрүм. Кармалгандардын баары ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө алынып келинип, өздүктөрү такталды. Кармалгандардын ичинен 18и чет өлкөлүк жаран болуп чыкты", - дейт ал.

Орозалиев билдиргендей, Ленин району боюнча коменданттык сааттын шартын бузган 56 адам кармалган. Анын ичинен 7 - аял, 49 - эркек киши.

"Кармалгандардын арасында жаш өспүрүмдөр жок. Аларга 31 протокол түзүлүп, 25инин өздүгү такталып, коё берилди", - дейт ал.

Коменданттын маалыматына караганда, Свердлов району боюнча жалпысынан 60 жаран кармалган.

"Кармалгандардын арасында 4 чет элдик жаран бар, протокол түзүлүп, бардыгы коё берилген. Октябрь району боюнча 37 адам кармалган. Бирөө аял жана 36сы эркек, анын ичинен бири жаш өспүрүм болсо, үчөө чет элдик жаран. 36 жаранга протокол түзүлдү. Биринчи май району боюнча 42 жаран кармалды. Алардын ичинен бирөө жаш өспүрүм жана 9 чет элдик жаран. Баардыгына протокол түзүлүп, коё берилди", - деп билдирди Орозалиев.

Комендант кошумчалагандай, Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында 120 блокпост орнотулган. Анын ичинен чоң блокпосттор - 15, санитардык-карантиндик посттор - 26, кичине блокпосттор - 76.

Пикир

Оставить комментарий