• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Орозалиев: Өткөрмө уруксат кагазын жасалмалоо боюнча 26 факт аныкталды

Коом 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Өткөрмө уруксат кагазын жасалмалоо боюнча 26 факт аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Айрым жарандар мыйзамды бузуп, өткөрмө кагаздарды жасалмалоо менен алектенүүдө. Учурда жасалма уруксат кагаздарын колдонуу боюнча 26 факт аныкталды. Алардын баары Кылмыш кодексинин 359-беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынды. Алар боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деди ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-апрелге карата коронавирус жуктурган 3 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 147ге жетти. Алардын ичинен 9 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий