• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Орозбек Аширов алыш күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Орозбек Аширов алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду.

Мелдеш 23-декабрда Казакстандын Нур-Султан калаасында жыйынтыкталды.

Аширов 100 кг чейинки салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышкан. Чейрек финалда кыргызстандык балбан Молдавиянын спортчусун, жарым финалда грузиялык балбанды жеңген.

Финалдык кармашууда Орозбек Аширов монголиялык спортчуну жеңип алыш күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду.

Пикир

Оставить комментарий