• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Орозбек Опумбаев УКМК төрагасы болуп дайындалды

Президент 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Опумбаев Орозбек Найманович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын башка чечими менен ал Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий