• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Орозо айтты белгилөөнүн так күнү айтылды

Коом 0

Бишкек, 10.06.18. /Кабар/. Быйыл Орозо айт 2018-жылдын 15-июнунда белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Ташкентте өткөн дин аалымдарынын жыйынында кабыл алынган.

«Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аппарат жетекчиси жана Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн «Рамазан айынын башталышын жана Орозо, Курман айт күндөрүн тактоо» темасынын алкагында Өзбекстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган тегерек столго катышты. Анда Орозо айтты 15-июнда белгилөө чечимин кабыл алышты»,-деп кабарлашты муфтияттан.

Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий